УКМКнын кызматкерлери таш баранга алынды

УКМКнын кызматкерлери таш баранга алынды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар» көзөмөл өткөрүү жайында Улуттук коопсуздук мамлекеттик  кызматынын кызматкерлерин белгисиз адамдар таш барганга алышты. Бул тууралуу аталган түзүм тараткан билдирүүдө айтылат. 

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге чек араны кесип өтүүгө бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин өткөрүү үчүн барган.

”Белгисиз адамдар тергөө итерине тоскоолдук кылып, кызматкерлерди таш баранга алышты. Жыйынтыгында ыкчам-топтун бир канча кызматкерлери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышты”,— деп жазылат  маалыматта. 

Учурда ИИМ менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдардын өздүгү такталуууда. 

Анын жыйынтыгы менен тергөөгө тоскоолдук кылган адамдардын аракетине укуктук баа берилери атылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>