УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев Атамбаевдин үйүндө айылдаштарына мал союп бергенби?

УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев Атамбаевдин үйүндө айылдаштарына мал союп бергенби?

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өткөрүүдө.

Жыйында коомдук ишмер Турусбек Коеналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришүүдө.

Комиссиянын мүчөсү коомдук ишмер Исмаил Исаков Абдил Сегизбаевге Атамбаевдин үйүнө эмне максат менен барганын сурады.

Сегизбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге моралдык жактан колдоо көргөзүү үчүн барганын билдирди.

Исмаил Исаков Сегизбаевге кайра кайрылып: «Абдил мырза өзүңүздүн айтканыңызга каршы жооп берип жатасыз. Анткени сиз ал жакта мал сойгонуңузду айттыңыз. Бул моралдык колдоо эмес, каржылык колдоо болот да. Мамлекетке баш ийбейм деп чакырык жасаган адамды колдоо».

Сегизбаев малды ал жактагы өзүнүн айылдаштарына сойгонун белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>