Депутат Улан Примов аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебине кызыкты

Депутат Улан Примов аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебине кызыкты

Депутаттардын баары жай мезгилинде аймактардагы абал менен таанышып келди. Чечиле турган көйгөйлөр көп экен. Өзгөчө социалдык объектилердин курулушу боюнча суроолор арбын. Ошондуктан, Өкмөт келерки жылдын март айына чейин капиталдык курулуштарды тактап, алардын тизмесин бекитип бериши зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселесин август-сентябрь айларына чейин созулуп келет. Ошондон улам курулуштардын сапаты начар болууда. Алардын тизмесин апрель-май айларында эле бекитип, анан бир айдын ичинде тендерлерди өткөрүш керек. Азыр депутаттар тобу токтомдун долбоорун даярдап жатат. Өкмөт дагы мындай демилгени колдойт деген ойдомун», — деди Примов.

Эл өкүлү Өкмөттөн республикалык бюджет аркылуу аймактарды өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 2 млрд сомдун кайда жана кантип жумшалганы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>