Улан Примов: Эл жашаган аймактан алыс жерлерден уран кенин казууга жол берсе болот

Улан Примов: Эл жашаган аймактан алыс жерлерден уран кенин казууга жол берсе болот

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Депутат Улан Примов Кыргызстандын экологиясына, баалуулуктарга жана адам баласына зыян алып келе турган болсо уран казууну иштетпөө керектигин билдирди.

«Эгерде учурда иштеп жаткан чет элдик компаниялар бардык ишти кылтыксыз аткарып жатышса, анда ал ишкананын да келечегин талкуулап көрүү керек. Талкуулап жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип кетүү зарыл. Себеби эл жашабаган биосфералык зонадан алыс жактан уран кенин ишете берсе болот. Ал эми Ысык-Көлдүн аймагы боюнча талаш маселе жок. Ал жактан уран казууга бөгөт коюлганы туура», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>