Улукбек Марипов Чүйдөн ачык сабак өттү

Улукбек Марипов Чүйдөн ачык сабак өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Улукбек Марипов окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуу процесси ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады:

«Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу баладырыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жаткандыгыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз», — деди.

Марипов мектепке 15 компьютерди белек катары  берди.  Ошондой эле 11-класс үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Тынчтык сабагын» өттү.

Улукбек Марипов эртең ачык сабак өтөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>