Улукбек Ормонов: Окуучулардын ысык тамагына 7 сом жетеби? Ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол салынышы мүмкүн

Улукбек Ормонов: Окуучулардын ысык тамагына 7 сом жетеби? Ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол салынышы мүмкүн

Билим берүү министри Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдойт экен. Демек, ал өзү жакында чыгарган ата-энерлерден акча чогултпоо жөнүндөгү буйругуна каршы чыгып жатпайбы. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңеште “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүшүндө билдирди.

«Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>