Улуттук банк сомдун кунун кармап калууга ири интервенция жасады

Улуттук банк сомдун кунун кармап калууга ири интервенция жасады

23-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул быйылкы он экинчи валюталык интервенция. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бул жолу Улуттук банк 70 миллион 300 миң доллар сатты.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк улуттук валютанын курсун тегиздөө үчүн 517 миллион 50 миң доллар короткон. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 113 миллион 900 миң долларга көп.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>