Умра-2021: Вакцинанын кайсы түрү жарайт белгисиз

Умра-2021: Вакцинанын кайсы түрү жарайт белгисиз

Умрага барчулар үчүн коронавирустан коргонуучу вакцинанын түрү аныктала элек. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ажы-урма бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев Reporter.kg ′ге  билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда бир рейс адам умрага кетишкен. Бирок, алар кайсы вакцинанын түрүн колдонуп кеткени белгисиз. Анткени, умраны туристтик жеке фирмалар уюштуруп жатышат. Ушул тапта Муфтият тарабынан умрага бара тургандардын документтери топтолуп жатат. Сауд Аравия бийлигине жөнөтүлөт, андан соң гана атайын талаптары айтылат. Ошондо кайсы вакцинанын түрүн колдонулат так билинет.

Буга чейин Кыргызстанда колдонулуп жаткан Орусиянын “Спутник”, Кытайдын “Синофарм” вакцинасын Сауд Аравиясы жаратпай жатканы маалымдалган болчу.

Умра Сауд Аравиянын Мекке шарындагы атайын жайда болот. Ага мусулмандар барып сыйынышат.

 

Туура эмес вакцинанын айынан бирөө дагы ажылыкка бара албайт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>