Унаасына жасалма номур тагып жүргөн жигитке 20 миң сом айып салынды

Унаасына жасалма номур тагып жүргөн жигитке 20 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 1994-жылы туулган Саматка (аты-жөнү редакция тарабынан өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишин карады. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-январында саат 19: 20да ал «Фольксваген Бора» автоунаасына жасалма мамлекеттик номур тагып алып, шаарды эркин айланып жүргөн. 5-февраль күнү саат 00: 05те борбор калаанын Юнусалиев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы аталган автоунааны токтотушкан, маалымат базасында текшерүү жүргүзүп жатып, бул мамлекеттик номур «Москвич-402» маркасындагы автоунаага 1976-жылы катталгандыгы аныкталган.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган.

Жыйынтыгында сот Саматты күнөөлүү деп таап, мамлекеттик киреше катары 20 миң сом айып салган.

Сүрөт: интернеттен алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>