Ушул аптада аба ырайы кандай болот? ӨКМ жооп берет

Ушул аптада аба ырайы кандай болот? ӨКМ жооп берет

29-октябрдан 4-ноябрга чейин күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат:

29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-ноябрда кээ бир райондордо, 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>