«Узбекнефтегаз» кийинки жылы АИ-80 бензинин өндүрүүдөн баш тартат

«Узбекнефтегаз» кийинки жылы АИ-80 бензинин өндүрүүдөн баш тартат

«Узбекнефтегаз» акционердик коому 2022-жылдан баштап АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди өндүрүүнү акырындык менен токтотууну пландоодо.

Бул тууралуу 16-ноябрда мунайды, мунайхимияны кайра иштетүү жана мунай өнүмдөрүн ташуу департаментинин директору Хушнужон Махмужанов билдирди.

Анын айтымында, «Узбекнефтегаз» АИ-80 бензинин өндүрүү боюнча өз стратегиясы бар.

«Биз келерки жылдан баштап акырындык менен AI-80 бензининен баш тартуунун жана анын сапатын жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатабыз», — деди Махмужанов.

АИ-80 бензини өзбек айдоочуларынын арасында жеткиликтүү күйүүчү май катары белгилүү. Расмий маалыматка караганда, ушул тапта бензин колдонуучуларга 6800 сумдан (63 цент) сунушталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>