Январда мигранттардан которулган каражаттын көлөмү 16,7 млн долларга кыскарган

Январда мигранттардан которулган каражаттын көлөмү 16,7 млн долларга кыскарган

Ушул жылдын аянварь айында Кыргызстанга мигранттардан которулган каражаттын көлөмү 16,7 миллион долларга төмөндөгөн. Бул маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында мигранттар ата мекенине 148,5 миллион доллар которушкан. Бул  2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,1% же 16, 68 миллион долларга аз болгон.

Мындан тышкары АКШдан Кыргызстанга которулган каражаттын көлөмү 2,3 эсеге же 1,2 миллион долларга төмөндөгөн. Өткөн жылдын декабрь айы менен салыштырганда мигранттар Кыргызстанга 1,4 эсе аз каражат которушкан. Бул көрүнүш жылдан жылга кайталанууда.

Которулган каражаттын төмөндөөсү доллар курсунун өзгөргөндүгү менен байланыштуу эмес. Себеби, акча которууда доллар эквиваленти Кыргызстандын Улуттук банкынын курсу менен жүргүзүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>