Япониянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Япониянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Япониянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти, министрлердин ар бири бул боюнча өтүнүчтөрүн премьер Синдзо Абэге жолдошту. Бул тууралуу чет элдик Киодо агенттиги жазган.

28-августта Япония өкмөтүнүн башчысы күтүүсүздөн өнөкөт оорусунун күчөп кеткендигине байланыштуу кызматтан кетүү ниетин билдирди. Ал министрлер кабинетинин жаңы башчысы шайланганга чейин кызматында турган. Шаршемби күнү Япон парламентинин эки палатасы тең добуш берип, анын жыйынтыгы боюнча жаңы премьер-министр жарыяланат. Ошондой эле ал министрликтердин жаңы жетекчилерин дайындайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>