Ынтымак ТВ кеңсесинен куулууда

Ынтымак ТВ кеңсесинен куулууда

Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Ынтымак» телеканалы кеңсесинен куулуп, кызматкерлерин бир жумадан бери киргизбей, иш үзгүлтүккө учураган. Аталган телеканал бул жагдайды чагылдырган репортаж даярдады.

Анда айтылгандай, телеканал Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо мекемесинин имаратында ижарада иш алып барат. Айына 73 миң сомдон Каржы министрлиги төлөйт.  Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо мекемеси, аукциондун убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу имаратка киргизбей жатканын билдирген. Телеканал өкүлдөрү аукцион башталганча кеңсеге киргизбей кууп жатканына нааразы болушууда.

Аукциондун убактысы качан бүткөнү, аукцион качан болоору маалыматта айтылган эмес. Бирок,  кайрадан аукционго катышмай болду. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик муниципалдык имараттар ачык аукцион аркылуу мамлекеттик порталга жарыяланып ижарага берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>