Ырчы Анжелика депутаттыкка аттанды

Ырчы Анжелика депутаттыкка аттанды

Ырчы Анжелика Кайратова Бишкек шаардык кеңештин  шайлоосуна аттанып жатканын билдирди. Бул тууралуу ырчы айым социалдык баракчасына жазды.

Ага ылайык, ырчы айым “Биздин эл” партиясы менен шаардык кеңешке шайлоого барат.

“Буйруса “Биздин эл” Бишкек шаардык кеңешке аттандык. Калган маалымат 12-марттан баштап”, — деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөрү маалым болгон. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуу үчүн 27 партия документ тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>