Ырчы Гүлжигит Сатыбеков: Жарандык никедеги жубайым менен жашайм

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков: Жарандык никедеги жубайым менен жашайм

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жарандык никедеги жубайы бар. Бул тууралуу «Марал» радиосу жазып чыкты.

Ырчы учурда жарандык никедеги жубайы менен жашап жатканын, жакын арада элден бата алуу үчүн той өткөрөөрүн жана чыгармачылыгындагы пландары тууралуу маалымдаган.

«Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жарандык никеде жашообуз болгон, болуп келе жатат. Буюрса, быйыл элден бата алып, жакшы бир той кылабыз деген үмүт бар. Жакын арада Кыргызстан жана Орусия өлкөлөрүнө концерт коём. Концерттин аталышы «Ош-Бишкек-Москва» деп аталат. Буюрса, Ош шаарынан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, Бишкек шаарына келип, акырында Москва шаарына барабыз да, жыйынтыктоочу кече өткөрөбүз. Бул концерттин өзгөчөлүгү: чыгармачылыгымды сыйлаган эң жакын, мыкты күйөрмандарыма билеттер чакыруу иретинде акысыз тартууланат, — деди Сатыбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>