Ысык-Атада чабан өзү иштеген короодон 78 баш кой уурдаган

Ысык-Атада чабан өзү иштеген короодон 78 баш кой уурдаган

Ысык-Ата районунда 78 баш кой уурдоого шектүү катары чабан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта Ново-Покровка айылынын 58 жаштагы тургуну Д.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, 13-март күнү малдарарынан кабар алганы барып, аларды санаган учурда 78 баш кой жок болуп чыкканын билдирген.

Бул факты 200-берене (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Арыздануучу 20-25 жаш курактагы эркек баланы январда малчы кылып жалдап, экөө ооз эки түрдө келишим түзүшкөн. Малчы Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылы тараптагы сарайлардын биринде малдарын багып жүргөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектелип 1993-жылы туулган С.Р. аттуу жаран Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.

Учурда уурдалган малдарды сатып алган жарандын да өздүгү такталган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы 5 алдымчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал айыл тургундарынын ишенимине кирип, бодо малдарды сатып берүү убадасы менен алган боюнча из жашырып кеткени аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>