Ысык-Атада эки кишини үч миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ысык-Атада эки кишини үч миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Ысык-Ата милициясына С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, март айында чала таанышы анын ишенимине кирип, 38 тонна 200 килограмм кумшекерин алып, 2 жарым миллион сомдон ашык акча берүүнү убада кылып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, дагы ушул сыяктуу арыз менен 34 жаштагы адам кайрылып, ал 600 миң сом материал зыян тартканын билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 28 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тегөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>