Тоң ашуусунда кар көчкүгө кабылган чабандардын абалы канааттандырарлык

Тоң ашуусунда кар көчкүгө кабылган чабандардын абалы канааттандырарлык

Кечээ Ысык-Көлдүн Тоң ашуусунда мал айдап келаткан 2 чабан кар көчкүгө кабылган. Алар көчкүдөн өз алдынча чыгышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда саат 14:30да Ысык-Көлдүн Тоң ашуусунда мал айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калган. Алар өз алдынча көчкү астынан чыгып, жардам чакырганга үлгүргөн.

Жерине алты куткаруучу, тез жардам кызматы жана жергиликтүү жети тургун барып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканасына жеткирди.

Чабандардын абалы канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан. Малы чыгымга учураган эмес. Аларды айылга туугандары айдап кетишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>