Ысык-Көлдө ата мекендик компания коргоочу кийимдерди чыгара баштады

Ысык-Көлдө ата мекендик компания коргоочу кийимдерди чыгара баштады

Ысык-Көл облусунда «Айко Сейко» компаниясы ата мекендик өндүрүштөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июль күнү облус аймагына болгон иш сапарында аталган ишканын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Ишкана негизинен ар кандай уюмдарга жана өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигет.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуев президентке Каракол шаарындагы кышкы эс алуу базасы үчүн лыжа тебүүдөгү атайын кийимдерди тигүүнү баштоо боюнча жакынкы пландары тууралуу айтып берген.

Ошондой эле Жусуев өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышынан улам өнөктөштөр менен келишимдер бузулуп жатканын маалымдаган.

120 адамды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар ишканада пандемиядан улам 60 кызматкер иштейт.

Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликке кайрылып, аталган ишканага көмөк көрсөтүүнү табыштаган.
[su_image_carousel source=»media: 36928,36929,36930,36931,36932,36933,36934,36935,36936″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>