Ысык-Көлдө боюнда бар аялдын сабалышы иликтенүүдө

Ысык-Көлдө боюнда бар аялдын сабалышы иликтенүүдө

Ысык-Көлдө боюнда бар аялдын сабалышы боюнча иш иликтенип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришкенин «super.kg» жазды.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү Каракол ШИИБине 32 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда чогуу жашаган 40 жаштагы жаран аны сабаганы жазылган.

«Арыз жазган аял мурда дагы үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жүргөн. Бирок ал милицияга кайрылган эмес. Учурда ал 5 айлык кош бойлуу. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүргүзүлүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти милициядан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>