Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон казак жараны кайтып келди

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон казак жараны кайтып келди

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 53 жаштагы казак жараны табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

Казак жараны 16-июлда кечинде эс алып жаткан Кара-Ой айылындагы «Алтын-Көл» пансионатына келген. Ал 14-июль күнү скутер айдап кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткандыктан куткаруучулар жана милиция кызматкерлери аны суудан издеп жатышкан.

Өзүнүн айтымында ал скутери менен түштүк жээкке жетип, скутери чөгүп кеткендиктен кайра кайта албай калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>