Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, 1 адам көз жумуп 8 адам жабыркады

Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, 1 адам көз жумуп 8 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 26-январда саат 23:4тар чамасында Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында болгон. Анда  BMW 525 жана Subaru Legasy үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза таап, 8 адам жабыркаган.

ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды алар барганга чейин “Тез жардам” кызматы алып кеткен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>