Ысык-Көлдө милиция окуучулар арасында турнир өткөрдү

Ысык-Көлдө милиция окуучулар арасында турнир өткөрдү

Ысык-Көл районунда “Менин милициям мени коргойт жана кылмыштуулукка каршыбыз” аттуу спорттук иш-чара  өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Х.Жээнбеков атындагы мектеп-лицейинин 8-9-10-класстын окуучулары катышып, курамында 10 баладан турган 7 команда түзүлүп оюнга ат салышты. Биринчи этабында командалар арасында саламдашуу жана эмблемаларын жактоо, флешмоб көрсөтүлдү.

Спорт оюндарынын ичинен аркан тартыш жана эстафета боюнча мелдеш өтүп, 9чу «А» класстын окуучулары баш байгени жеңген. Ал эми биринчи орунду 10чу “Г” класстын окуучулары ээлеген. Жеңүүчүлөргө Ысык-Көл РИИБдин начальнигинин “Кубогу”, алкыш грамоталары жана сыйлуу белектери менен сыйланышкан.

Мындан тышкары Ысык-Көл РИИБдин жашы жете электер менен иштөө боюнча  инспекциясы менен биргеликте, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар менен күрөшүүдө, алдын алууда жана  коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында кошкон салымы үчүн Ысык-Көл районунун Бостери айылынын Х.Жээнбеков мектеп-лицейинин директору,  ошондой эле Бостери айыл өкмөтүнүн башкы адиси, ушул эле мектептин социалдык мугалими жана дене тарбия мугалими ардак грамота менен сыйланышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>