Ысык-Көлдө Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев жолукту

Ысык-Көлдө Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев жолукту

Бүгүн, 9-августта президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын премьер-министри  Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Ал Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагындагы жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруусунун жүрүшүн жана ошондой эле 2020-жылды Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>