Ысык-Көлдөн батирлүү болгуң келеби? Чектерди сканерлеп, MegaPay аркылуу кызматтар үчүн акы төлө

Ысык-Көлдөн батирлүү болгуң келеби? Чектерди сканерлеп, MegaPay аркылуу кызматтар үчүн акы төлө

MegaCom компаниясы MegaPay мобилдик капчыгынын колдонуучулары арасында жүрүп жаткан «Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» шыктандыруучу лотереясын ойнотууну улантууда. Үч оюндун жыйынтыгы менен алгачкы бактылуу жеңүүчүлөр өз белектерине ээ болушту!

MegaCom абоненттери үчүн 200дөн ашык баалуу байгелер, анын ичинен баш байге катары «Альфа Телеком» ЖАКтын өнөктөшү «Оргтехстрой» курулуш компаниясына таандык Ысык-Көлдө жайгашкан «LAZURIT» турак жай комплексинен батир ойнотула тургандыгын эсиңиздерге сала кетели. Төмөнкүдөй байгелер да бар:

  • MegaCom компаниясынын «Алтын» категориясындагы номерлери;
  • MegaCom компаниясынын чектөөсүз интернет топтомдору (бир жылга);
  • «Газпромнефть» май куюучу станциялар түйүнүнөн 100 литр бензинге тастыктамалар;
  • «Оргтехстрой» ААКтан батир сатып алуу үчүн 200 миң жана 400 миң сомго арзандатуучу тастыктамалар;
  • Izishop онлайн-дүкөнүнөн 5000 сомго тастыктамалар.

Байге ээлери кокустан тандоо генераторунун жардамы менен аныкталат.

«Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясы мамлекеттик санариптик кызматтарды калк арасында жайылтууга багытталып, MegaCom компаниясынын Мамлекеттик салык инспекциясы менен болгон тыгыз иштешүүсүнүн жыйынтыгы болгон «Чекти талап кыл» функциясынын жардамы менен ишке ашырылууда.

Лотереяга катышуу үчүн эмнелер талап кылынат:

  • сатылып алынган товар үчүн жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн онлай- көзөмөл касса машинасынын чегин алуу;
  • Google Playден жана App Storeдон MegaPay тиркемесин жүктөп алуу;
  • QR-коду бар фискалдык чектерди сканерлеп алуу. МААНИЛҮҮ! Чек булганбаган, бырышпаган, QR-коду даана окула турган болуусу шарт;
  • чогулган упайларды купонго алмаштыруу (2000 упай = 1 купон).

«Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясы ушул жылдын 30-ноябрына чейин уланат. «Оргтехстрой» компаниясынын «LAZURIT» турак жай комплексиндеги батири ойнотулуучу «Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба» лотереясынын жыйынтыктоочу утуш оюну 2020-жылдын 11-декабрында өткөрүлмөкчү.

Лотерея тууралуу толук маалыматты MegaPay мобилдик тиркемесинен, MegaCom Компаниясынын расмий сайтынан жана *500 номерине чалып билсеңиз болот.

Чектерди MegaPay аркылуу сканерлеңиз, төлөмдөрдү жүргүзүп, упайларды топтоңуз. Эсиңизден чыгарбаңыз! Купондоруңуздун саны канчалык көп болсо, мыкты байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>