Южно-Сахалинскте ууланган 12 кыргызстандыктын абалы айтылды

Южно-Сахалинскте ууланган 12 кыргызстандыктын абалы айтылды

Южно-Сахалинск шаарында кыргызстандыктар маасалык түрдө ууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиягады Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Оргэнергострой» институтунун Углегорск филиалында иштеген 12 кыргыз жарандарынын массалык түрдө уулануу фактысы боюнча 7-майда Южно-Сахалинск шаарындагы Орусиядагы Элчиликтин Канцеляриясынын консулу менен “Углегорск борбордук аймактык ооруканасынын” жетекчисинин телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алган.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө медициналык мекеменин жетекчилиги кыргызстандыктарга керектүү процедуралар өз убагында көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылганын билдирген. Учурда ооруканага жаткырылган жарандардын ден – соолугуна зыян келтире турган коркунуч жок болгондугуна байланыштуу үйлөрүнө чыгарылганын айткан.

Андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн бардык материалдар Углегорск шаарынын Прокуратурасына жана Сахалинск областынын Роспотребнадзор Башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бул маселе Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, 4-майда «Оргэнергострой» институтунун Углегорск филиалында 14 адам тамак-ашка ууланганы айтылган. Жабыркагандардын 12си кыргыз жарандары болгон. Ошондой эле жумушчулардын арасында Тажик жараны менен Благовещенск шаарынын тургуну болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>