Жүздөгөн адам Чубак ажы менен шаардагы өлүккананын алдынан коштошту – видео

Жүздөгөн адам Чубак ажы менен шаардагы өлүккананын алдынан коштошту – видео

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгүн анын кичи мекени Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында алып кетишти. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты. Маркумдун сөөгү Бишкектеги  республикалык өлүкканадан чыккан соң ага жаназа окулган.

Интернетте Чубак ажы Жалилов менен коштошуу үчүн респбликалык өлүккананын алдына жүздөгөн адам баргандыгы тууралуу видео тарап жатат.

Чубак ажы Жалилов 45 жашында 11-июлга оогон түнү пневмониядан каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу кичи мекени Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында 11-июлда саат 16:00-18:00 чамасында өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>