Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды – сүрөт

Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды – сүрөт

Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 12-январда Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон  жерден качып кеткен.

33 жаштагы жөө жүргүнчү бир нече жаракаттарды алып ооруканага түшкөн.

Издөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери жөө жүргүнчүнү «Тойота-Превиа» автоунаасы менен 47 жаштагы С.А.А. аттуу айдоочу сүзүп качып кеткенин аныкташкан.  

Учурда айдоочу ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө иштери жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 54519,54520″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>