Жөн эле тынч жүрсө дейсиң. Аалы Туткучевдин жубайы жолдошуна кабатырланды

Жөн эле тынч жүрсө дейсиң. Аалы Туткучевдин жубайы жолдошуна кабатырланды

Кечээ, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы белгиленди. Ага карата Бишкек шаарынын борбордук аянтында салтанат уюштурулган. Анда төкмө акын Аалы Туткучев президентке  «уруксаат бекен элдин үнүн жеткирип койгонго» деп азыркы бийликке, сотторго, шайлоонун таза өтпөй жатканын ыр менен төгүп айткан.

Акындын жубайы, журналист Жазгүл Жамангулова бүгүн, 1-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына чындык деп чыркыраган жолдошуна кабатырланып, төмөнкү билдирүүнү жазган.

«КЫЗЫГЫ… Биздин кишинин сыйлык менен деле иши жок экенин көптөр билбестир… Чын-чынына келгенде. Улам жылдар арбып бири-бирибизди коруп, аяп калган үчүнбү КУДАЙЫМ суук көз, суук сөздөн алыс кылса экен деп бир четте күбүрөнөм. Улам үнү кысылып, анысын жашырып, бырышып кыйналып, тердеп ырдаган сайын жөн эле тынч жүрсө дейсиң. Ден соолугун аяйсың. Ар бир жар ошентет. Сахнада курч болгону менен жан дүйнө дегени үлбүрөгөн назик болгон чыгармачыл инсандарды КУДАЙ өзү сактасын!

Бирок алар бул сарсанаа менен деле иши жок… кызыгы…», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүккө арналган иш-чарага президент Сооронбай Жээнебков дагы катышкан. Социалдык тармактарда акындын өлкө башчыга кайрылып ырдаганы колдоого алынып, эл көйгөйүн жеткире айткан курч сөздөрүнө ыраазычылыгын билдиришкен.

https://www.youtube.com/watch?v=TiH2w5kRxVw

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>