Жайыл районунда лимузин жол кырсыгына кабылды

Жайыл районунда лимузин жол кырсыгына кабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 54-чакырымында Полтавка айылында 27-сентябрда саат 20: 30да жол кырсыгы катталган. Бул маалыматты Чүй облусттук милициянын Жол кайгуул кызматынан Reporter.kg’ге билдиришти.

Чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Chrysler C300 лимузин унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги тосмого урунган.

Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>