Жактоочу: Сот Садыр Жапаровдун ишин мыйзамдуу караса, ал августтун аягында эркиндикке чыгышы керек

Жактоочу: Сот Садыр Жапаровдун ишин мыйзамдуу караса, ал августтун аягында эркиндикке чыгышы керек

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн белгилейт.

— Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошого байланыштуу анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келип жатат. Ошондо анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарылууга жатат. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек. Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Болбосо чечимдер күчүнө киришине жана башка маселелерге карап, ал августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек,- деди Шарабидин Токтосунов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>