Жалал-Абад: Кызыл китептеги маралды атып кетишти

Жалал-Абад: Кызыл китептеги маралды атып кетишти

Жалал-Абад облусунун  Аксы районунун Сары-Челек биосфералык коругунун  кызматкерлери  Туура-Арык тилкесинен 5 жаштагы маралды атып өлтүргөн браконьерлерди колго түшүрдү. Бул туурасында  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү 18:30 чамасында браконьерлер колго түшкөн. Кызматкерлер курал-жарактарын таба алган эмес. Маралдын туш этин, башын, терисин табышкан.

Ушул тапта материалдар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Марал – кызыл бугу же чыныгы бугу. Азайып бара жаткан жаныбарлардын түрүнө кирет. Кыргызстанда кызыл китепке кирген. 1 даана марал үчүн айып  млн. сом. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>