Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 31 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облус аймагында 16-январдан 22-январга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1174 жол эрежелерин бузуу катталган.  Алардын 31 учуру айдоочу автоунааларын мас абалында, 362 учур айдоочу каттуу ылдамдыкта, 9 учур айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 772 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Жума ичинде жалпы 135 автоунаа атайын айып короого токтотулган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>