Жалал-Абадда чак түштө тапанча менен адам тоногон 3 жигит кармалды

Жалал-Абадда чак түштө тапанча менен адам тоногон 3 жигит кармалды

Жалал-Абад шаарында курал менен коркутуп адам тоноп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 19-августта саат 10:00дөр чамасында шаар тургунун көчөдө бара жаткан жеринен 4 бейтааныш адам курал менен коркутуп, автоунаа менен башка жайга алып барып тоношкон. Алар аталган адамдын кымбат баалуу 2 уюлдук телефонун тартып алышкан. 

Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомдон ашык акчаны түзгөн.

Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери башталып, шаар тургунун тоногон 4 адамдын үчөө кармалган. 

Алардын жанынан 2 телефон жана 1 тапанча табылган. 

Шектүүлөрдүн экөө Сузак районунун, бирөө Жалал-Абад шаарынын тургундары экени аныкталган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.   

[su_image_carousel source=»media: 38870,38871,38869,38867″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>