Жалал-Абадда мыйзамсыз электр энергиясын пайдаланып келген «Майнинг ферма» аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз электр энергиясын пайдаланып келген «Майнинг ферма» аныкталды

«Жалалабатэлектро» ААКнын кызматкерлери, мыйзамсыз электр энергиясын пайдаланып келген «Майнинг ферманы» аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаардык электр энергия сатуу ишканасынын кызматкерлери калаадагы мыйзамсыз электр энергиясын колдонгон «Майнинг ферманы» аныкташты.

«Майнинг ферма» Жалал-Абад шаарындагы Индустриальная № 6 көчөсүндөгү¸ «Автожол» жабык акционердик коомунун (мурунку СМУ ТТ заводунун) аймагында жайгашкан.

«Автожол» жабык акционердик коомунун кызматкерлеринин катышуусунда «Майнинг ферманын» электр энергиясы өчүрүлүп, пломбуланып, акт түзүлгөн.

Азыркы учурда, материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берүүгө дарядалып жатканы кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>