Жалал-Абадда поезд менен жүк ташыган унаа кагышты – сүрөт  

Жалал-Абадда поезд менен жүк ташыган унаа кагышты – сүрөт  

Жалал-Абадда поезд менен жүк ташыган унаа кагышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-апрелде эртең менен Жалал-Абад шаарындагы Индустриальная көчөсүндө болгон. Анда күйүүчү май ташыган 20 даана вагон-цистерналар ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Кырсыктын кесепетинен 1 даана вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу жана өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине Жалал-Абад шаардык №20 Өрт Куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>