Жалал-Абадда салттуу музыка жумалыгы жана көргөзмө өтүүдө

Жалал-Абадда салттуу музыка жумалыгы жана көргөзмө өтүүдө

Жалал-Абадда салттуу музыка жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаада жайгашкан Маданият техникумунда салттуу музыка жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында салттуу музыкалык аспаптар жаңырып, тарых-таржымалы тууралуу жаштарга маалымат берилүүдө.

Саамалыкта кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар боюнча да атайын докладдар даярдалып, ыр-бийлер менен коштолуп, мекеменин эмгек жамааты жана студенттер тарабынан улуттук кийим жана музыкалык аспаптардын көргөзмөсү уюштурулган.

Билдирүүгө таянсак, салттуу музыка жумалыгы 2009-жылдан тарта белгиленип келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>