Жалал-Абадда тамактануучу жайды ижарага алып, аны сойкукана катары иштетип жүргөн аял аныкталды — видео

Жалал-Абадда тамактануучу жайды ижарага алып, аны сойкукана катары иштетип жүргөн аял аныкталды — видео

Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайды ижарага алып, аны сойкукана катары иштетип жүргөн аял аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин «turmush.kg» жазды.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында мурунку коомдук тамактануучу жайды белгисиз атуул сойкукана катары иштетип жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Тинтүү учурунда 8 аялдын иштегени аныкталып, далил катары тийиштүү буюмдар алынды.

Бул факт Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» болуп катталып, КРнын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү менен Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүп, маалыматты далилдөө максатында шаардык тергөө судьясы тарабынан аталган жайга тинтүүгө уруксат алынган. Көрсөтүлгөн дарекке калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүлүп, имараттын ичинде сойкулук менен алектенип жүргөн 8 аял аныкталып, тийиштүү далил буюмдар жана акча каражаттары тергөө кызматы тарабынан акт түзүлүп алынган. Аныкталган 8 аялдын курагы болжол менен 25-35 жаштагылар.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жайды сойкукана катары уюштуруп иштеткен аял Сузак районунун 1972-жылы туулган тургуну И.Ф. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз кылынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>