Жалал-Абаддан жоголгон өспүрүм кыздар Кызыл-Кыядан табылды

Жалал-Абаддан жоголгон өспүрүм кыздар Кызыл-Кыядан табылды

Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жана 16 жаштагы бир тууган кыздар табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, кыздардын жоголгондугуу тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин алардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган.

“Ноокен райондук милиция кызматкерлери өспүрүм кыздарды Кызыл-Кыя шаарынан табышкан. Алар Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдиришкен”, – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16 жаштагы Сабырбекова Нурзада жана 15 жаштагы Сабырбекова Нурзия 18-июль күнү Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынан Базар-Коргон районундагы үйүнө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>