ЖАМК: Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу үчүн абактан чыгаруу өтүнүчү келип түшө элек

ЖАМК: Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу үчүн абактан чыгаруу өтүнүчү келип түшө элек

Садыр Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу үчүн абактан чыгаруу өтүнүчү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына расмий келе элек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова РЕПОРТЕР агенттигине билдирди.

«Мен жактоочусунун кайсы бир жакка жазганын окудум. Бирок бизге бошотуу өтүнүч каты расмий түшө элек. Түшсө абактын жетекчилиги мыйзамга таянып чечим кабыл алат. Мыйзамда соттолуучунун кылмыш ишинин оор жеңили, анын жүрүм-турумуна карап абактан чыгарууга уруксат берилет”, —  деди Сабатарова.

Садыр Жапаровдун  тун уулу Дастан Мусталиев бүгүн 26-августта жол кырсыгынан каза болду.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров март айында апасын акыркы сапарга узтауу үчүн абактан чыгып, кичи мекенине барып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>