Жамшитов: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды

Жамшитов: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды

Бүгүн, 13-августа күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу маалымат жыйын өткөрүүдө. Ага башкы прокурор  Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаев жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышууда.

Жыйында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын Өткүрбек Жамшитов билдирди.

«Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү 120 мүлкү камакка алынды. Ар бир кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынып, өч алуу максатында же бирөөнү кылмыштуу куугунтукка тартууга жол берилбестик боюнча катуу талап коюлду. 7-8-августта Атамбаевдин тегерегинде козголгон кылмыш иштер президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө», — деп маалымат берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>