Жанар Акаев: Солтон-Сарыдагы кытайлык компаниянын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечүү керек

Жанар Акаев: Солтон-Сарыдагы кытайлык компаниянын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечүү керек

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Солтон-Сары кени тууралуу маселе көтөрдү.

Жанар Акаев Өкмөт Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиши керектигин билдирди.

«Маселени көтөргөн жергиликтүү тургундарды куугунтукка албай, алардын пикирин эске алуу зарыл. Ушу тапта Солтон-Сары алтын кениндеги абалды атайын комиссия текшерип жатат. Өкмөт анын ишине кийлигишпеши керек», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>