Жапаров: Мен кызматка койгон кудам мага өмүр бою оппозиция болчу

Жапаров: Мен кызматка койгон кудам мага өмүр бою оппозиция болчу

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда Таласта эл менен жолугушту.  Анын алкагында эл тарабынан ага суроолор узатылып, талапкер аларга жооп берди.  Анда “кудаларын чоң кызматтарга койду” деген кептер айтылып жаткандыгын, ага өзү жооп берип коюсун өтүнүшкөн.

Жапаров кудаларын кызматка койгону чын экендигин, бирок ошол учурда абал ошондой чечимдерди талап кылганын айтты.  

“5-октябрдагы кырдаалды өзүнөр көрдүңөр. 2010-жылдагыдан катуу баш аламандык болуп кетиши мүмкүн эле. Өлкөдө бийлик жок болуп калды, УКМКнын ИИМДин жетекчиси качып дагы деле жок. 2010-жылы башалмандык болуп, мародерчулук орун алган. Банктар акчалар уурдалып, байларды барымтага алып акча талап кылгандар болгон, өлүм – житим болгон. Биз ушундай окуялар болуп кетпесин деп тез арада колума тийген, көз алдымдагы кадрларды алмаштырдым. Биринчи адамдарын алмаштырып, дароо тапшырма бердим, банктарды акчаларды алып чыгып кетишпесин, чек арадан качып чыгып кетпесин, байлыктарды алып чыгып кетпесин мародерчулук болбосун деп. Ошондо кудаларымдан экөө эки жерге туруп калыптыр”, — деди Жапаров. 

Ошондой эле өзү кызматка койгон кудасы ага дайым оппозиция болуп келгенин, аны иштеп бер деп суранып алып келгенин айтты.

“Дагы бир чындыкты айта кетейин, кудаларымдын бири мага өмүр боюу оппозиция болуп келген. Ал “Ата-Мекенчил”, дайым “Ата-Мекен” менен шайлоого барып, менин Ысык-Көлдөгү добуштарымды бөлүшүп жүрчү. Бирок мен анысына карабай, иш билгисине карап, стабилдүүлүктү орнотууга жардамдашкыла деп мага ошол күндөрү жардам берди”, — деди Жапаров. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>