Жапаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго көңүл айтты

Жапаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго көңүл айтты

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

«Атаңыз Мяликгулы Бердымухамедовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Түркмөнстан элине көңүл айтуу менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>