Жапаровдун инаугурациясы. Эртең унаалардын кыймылы бир нече секундга чектелет

Жапаровдун инаугурациясы. Эртең унаалардын кыймылы бир нече секундга чектелет

Президенттин инаугурациясы учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул күнү ички иштер органдарынын 2500дөн ашуун кызматкери тартылат.

Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилерине чектөө коюлбайт, негизги трассада жана кесилиштерде унаалардын жүрүшү иш күндөрү сыяктуу болот.

«Кортеж өтүп жатканда гана көчө кесилиштерде унаалардын кыймылы бир нече секундага токтойт», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы Улуттук филармониянын имаратында эртең, 28-январда болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>