Жапон өкмөтү Кыргызстанга грант түрүндө 2,6 млн доллар берди

Жапон өкмөтү  Кыргызстанга грант түрүндө 2,6 млн доллар берди

Жапон өкмөтү Кыргызстанга грант түрүндө 2,6 млн доллар кайтарымсыз акчалай жардам берди. Финансы министрлигинен билдиргендей бул акчалар “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар Программасынын” (JDS) алкагында берилген.

Жапония мындан башка Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясына курулуп жаткан көпүрөнү бүткөрүүгө 16.5 млн доллар бөлгөн.

Бүгүн Финансы министрлигинде Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро жана Кыргызстандын Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын катышуусунда гранттык келишимге кол кооюу жөрөлгөсү өтөт.

Рубрики: ЭКОНОМИКА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>