Жапыкеев: Мени башкы прокуратура киргизбей койду деген калп, кол чаап тосуп алышкан, — видео

Жапыкеев: Мени башкы прокуратура киргизбей койду деген калп, кол чаап тосуп алышкан, — видео

Өзүн Башкы прокурор атаган Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасы аркылуу узатылган суроолорго жооп берип, соңку кырдаалга байланыштуу пикирин айткан.

Анда ал Башкы прокуратураны талкалагысы келген күчтөрдөн коргоп жаткандыгын жана ал жактагы кызматкерлер аны толук колдоого алышкандыгын айткан.  

Ошондой эле аны Башкы прокуратурага киргизбей койду деген маалыматтар калп экендигин да билдирген.  

“Башкы прокуратураны басып алган эмесмин. Мени Башкы прокуратурага киргизбей койду деген калп, мени кол чаап тосуп алышты. Кечээ, эки жүз прокурор чогулуп, ыйлаштык, мен да прокурорскиймин. Алар прокурорлорду курал кылып алышты деп ыйлашты. Чындап эле курал кылышты, биз курал болбошубуз керек. Бандиттер келди Башкы прокуратуны өрттөйбүз деген баарын тийгиздирбей сактап турдук”, — деген түз эфирде Жапыкеев.

Мындан сырткары ал Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болгонун тколдой тургандыгын да айткан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>