ЖЭБге, үйдүн морлоруна чыпкалар. Эксперт түтүн маселесин чечүүнүн жолдорун санап өттү

ЖЭБге, үйдүн морлоруна чыпкалар. Эксперт түтүн маселесин чечүүнүн жолдорун санап өттү

Коомдук ишмер Айбек Кыштобаев түтүнгө каршы күрөшүү боюнча бир нече натыйжалуу чечимдер жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, түтүн маселеси үч негизги блоктон турат.

Биринчиден, ЖЭБ, экинчиден, пайдаланылган газдар, үчүнчүдөн, сапатсыз көмүр, резина менен жылытылган турак жайлар. Айтылган бөлүктөр боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу керек, — деди ал.

Кыштобаев түтүн маселесин бир нече жол менен чечсе болот деп эсептейт:

— донордук программалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ЖЭБге чыпкаларды орнотуу;

— жыл сайын автоунаалардын колдонулган газдын деңгээлине жана ага туура келбегендерин текшерип, техникалык тазалоодон өтүүнү сунуштоо;

— барак үйлөрдө жашаган адамдарды социалдык үйлөргө көчүрүү;

— түтүн менен күрөшүүнүн мыкты жолун сунуш кылган адистердин келишин уюштуруу.

Жыйынтыгында Айбек Кыштобаев Улан-Батордун мисалында өкмөттүн чечим кабыл алуу деңгээлин мисал келтирди. 2017-жылы Монголиянын борборундагы түтүндүн экологиялык абалы ушунчалык апааттуу болгондуктан, ал жерде калктын өлүмү жана оорулар көбөйгөн.

Учурдагы ЖЭБтерди жана башка энергия булактарын калыбына келтирүү кыйын жана кымбатка тургандыктан, өкмөт башка жолду тандап алды. Алар калкка электр энергиясы менен жылытууга дотацияларды сунушташты, башкача айтканда, электр энергияны пайдалангандыгы үчүн тарифтик ставкаларды төмөндөтүп, кышында түнкүсүн электр энергиясын бекер беришти. Буга ылайык, адамдар катуу материалдар менен жылытуудан электр энергиясына өтүштү, — деп белгиледи Кыштобаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>