Жээнбеков: Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу

Жээнбеков: Ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу

Балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Мындай пикирди  бүгүн, 25-июнда  президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун конвенциясында кабыл алынган Баланын укугунун 30 жылдыгына арналган улуттук форумда айтты.

“Балдардын укуктарын коргоо, аларды  камкордукка бөлөп, коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышы үчүн шарттарды түзүү, — ата-эненин гана эмес, мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун иши, милдети, парзы. Кыргызстандын Өкмөтү балдардын өнүгүүсү, үй-бүлөсүнүн материалдык абалын жакшыртуу, аларга социалдык колдоо көрсөтүү жана коргоо үчүн татыктуу шарттарды мындан ары да бекемдейт”, — деди президент.

Аталган жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>